Биз социалдык тармакта

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, имараттын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган жана жакынкы күндөрү объект пайдаланууга берилет.

"Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ага жалпы 57 миллион сом жумшалды.Үч кабаттан турган имараттын жалпы аянты 748 чарчы метрди түзөт. Анда кызматкерлердин иш алып баруусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты тиешелүү адистер тарабынан көзөмөлгө алынды", - деп кошумчалады мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан