Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, Москва шаарында Орусияда жашаган Кыргыз жарандары менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Орусияда эмгектенген Кыргыз жарандарынын маселеси дагы талкууланганы тууралуу айтып берди.
"Өлкө башчы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде эмгектенгендердин пенсиясы жөнүндө макулдашуу 2021-жылдын 1-январында күчүнө киргендигин жана 2022-жылдын январынан тарта Орусияда жүргөндөр пенсияга чыгуу үчүн арыз берсе боло тургандыгын маалымдады. Аны менен бирге ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө эмгек стажы дагы эске алынарын, биримдиктеги өлкөлөрдүн ортосунда документтердин жана сертификаттардын тутуму интеграцияланып жаткандыгын баса белгиледи", - деп билдиришти президенттик аппараттан.