Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси дипломатиялык миссиясын аяктады (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Фыратты анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы элчиге өлкөдөгү жемиштүү иши, ошондой эле Түркия өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

"Жолугушууда тараптар соода, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкка тийиштүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында өтүүчү Кыргыз-Түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешин жана бизнес-форумду өткөрүү боюнча маселелерди талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн башчысы элчини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан