Бүгүн, 25-февралда "Реформа" партиясы өзүнүн курултайында Бишкек шаардык кеңешине ат салышчу талапкерлердин тизмесин бекитет.
Саясий партиянын лидери Клара Сооронкулованын маалыматында, Аймен Касенов шайлоо тизмесин жетектейт. Экинчи орунда Эльдар Абакиров турат. Алдыңкы үчтүктү партиянын лидери Клара Сооронкулова жабат. Калган талапкерлердин ысымдары курултайда белгилүү болот.
Бүгүн саат 15:00дө партия курултай өткөрөт.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерде шайлоо 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште өтөрү күтүлүүдө.