Ош. Шаарда студенттер арасында КВН мелдеши болуп өтөт
Бүгүн, 10-октябрда Ош шаарында Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан КВН мелдеши өткөрүлөт. Иш-чарага шаардагы жогорку жана атайын орто окуу жайлардан 9 команда катышмакчы. Комитеттин кызматкери Элдияр Кадыркуловдун айтымында, байге фонду 25 000 сомду түзүп, 1-орунга 10 000 сом, 2-орунга 7000 сом, 3-орунга 5000 сом берилет.