Депутат Мадеминов Курсан Асанов тууралуу: "Милиция кызматкерлерин көчөгө алып чыгып, тартип орнотолу деген кишини камап койдуңар"

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов Курсан Асановду үй камагына чыгаруу маселесин көтөрдү.

"Өлкөдө 3 революция болду. Ошол үчүнчү революциядан кийин Курсан Асановдун тагдыры жөнөкөй элди кайдыгер калтырбастан ойлондуруп жатат. Ошол күндөрү генералдар, ИИМдин, УКМКнын башчысы, башкы прокурор, жадакалса президент качып кетти. Көчөдө жалаң эл калды. Милиция кызматкерлерин көчөгө алып чыгып, "келгиле тартипти орнотолу" деген кишини камап койдуңар. Курсан Асанов мамлекеттен кача турган жигит эмес. Ал эл үчүн ошол Ош окуясы болобу эл тарапта болгон жигитти камап койдуңар. Эмнеге башкалар камалган жок?" - деди депутат.

Курсан Асанов баш аламандык учурунда ИИМдин имаратын басып алган деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан