Улуттук гвардиядан кызмат өтөөгө бүгүн, 10-октябрда шаардан 2-топ жөнөп кетет. Биринчи топ 1-октябрда жөнөп кеткен эле. Ош шаардык аскер комиссары Талип Бөжөковдун айтымында, быйыл кызмат өтөөчүлөр арасында өз ыктыяры менен аскерге барууну каалагандардын саны өстү. Аскерге бара жаткандардын арасында жогорку билимдүүлөр аз экени айтылды.