Бүгүн, 10-октябрда саат 14:00дө Баткен шаарынын борбордук аянтында обончу, аткаруучу Апаз Жайнаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишев билдирди. Коштошуу иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус тургундары катышат. Маркумдун жаназасы да борбордук аянтта окулат.