Акыркы суткада Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды. Араван районунда Н. Ахмедовго таандык 48 чарчы метрлик курулуштун чатыры күйүп кетти. Өзгөн районунун Бостон айылында 5 гектар чөп жайыт өрттөнгөнүн, учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.