Таластагы Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы төрөт үйү себепсиз жабылып калыптыр. Бул тууралуу 10-октябрдагы парламент жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди. Айтымында, айылдын жашоочулары буга нааразы болууда. "Бир нерсени жаап салуунун ордуна өнүктүрүш керек. Бул төрөт үйүндө бир жылда 100 бала төрөлөт. Азыр айылдагы аялдар 50 чакырым алыстыкта жайгашкан төрөт үйүнө барууда"- дейт Жумабеков. Депутат бул маселени чечүүнү өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө дайындады.