Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары Орусияга болгон биринчи чет өлкөлүк иш сапарынын алкагында «Российская газетага» көлөмдүү маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 2021-жылдын 26-февралдагы санына жарыяланды.
— Сиз «Саясаттагы 10 жыл» китебин жаздыңыз. Жаңы саясий тажрыйбаны эске алып, ушул китепте бир нерсени өзгөрткүңүз келеби?
— «Саясаттагы 10 жыл» китебин 2014-жылы Польшада жүргөндө жазгам. 2017-жылы мекениме кайтып келгенден кийин мени саясий себептер менен түрмөгө камашты. Ошол учурдан баштап мен бул китептин уландысын жаза баштадым. Ошондон бери көптөгөн саясий окуялар болуп өткөндүгү талашсыз, алар жаңы китепте чагылдырылат.
Бул абдан кызыктуу болот деп ойлойм. Тилекке каршы, учурда бош убакыттын жоктугунан аны аягына чейин чыгаруу мүмкүн болбой жатат. Бирок Кудай буюрса, мен анын үстүнөн иштеп сөзсүз бүтүрөм.