ЖК: Эл өкүлдөрү Кыргызстанда жардыруулар көп болуп жатканын айтышты

Депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин 10-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда ар кандай жарылуулар болуп жатканын айтып, муну иликтеш керектигин билдирди. Депутат билдиргендей, 2014-жылы Ооганстандан коалициялык аскерлер чыгарылгандан кийинки Кыргызстандын коопсуздугун эмитен ойлош керек. "Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жарылуу болду. Ким билет, мындай жарылуулар башка аймактарда да болушу мүмкүн. Бул көйгөйгө укук коргоо органдары көңүл бурушу керек",- деди депутат. Төрөбаев бул маселени жакында боло турган Коопсуздук кеңешинин жыйынында көтөрүүнү төрагадан суранды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан