Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин кароону кайрадан баштады
Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин кароону кайрадан баштады. Бүгүн депутаттар өкмөт сунуштаган меморандум боюнча талкуу жүргүзүшөт жана акыркы чечимди кабыл алышат. Жыйынга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, башкы прокурор жана "Кыргызалтындын" өкүлдөрү катышууда. Эске салсак, бул маселе парламентте 9-октябрда да каралып, аягына чыкпай калган. Анда өкмөт сунуштаган долбоорду чийки деп сындагандар көп болду жана "Кумтөр" маселесин референдум жолу менен чечүү сунуштары да айтылды. "Өкмөт ишин эптей албаса кетсин да, башкасы келип маселени чечсин деген" сунуштар да айтылды. Өкмөт башчы "Кумтөр" көйгөйүн чечүүгө фракция лидерлеринин жардам беришин суранды.