Кыргызстандагы аялдардын 64,4 пайызы айылдык өндүрүштө эмгектенишет

Кыргызстандагы аялдардын 64,4 пайызы айылдык өндүрүштө эмгектенишет. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, калктын 1,8 миллионун түзгөн аял кишилердин 52 пайызы экономикалык активдүүлүккө кирет, 48 пайызы айыл чарба өндүрүшүндө, медицинада, билим берүү, социалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштешет. Айылда жашаган аялдар  бүгүнкү күндө мал багуу, дыйканчылык менен алектенишүүдө.  Гендерлик саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Бейшееванын айтымында, айылда эмгектенген аялдардын экономикага кошкон салымы көрүнбөй келет. “Алардын көпчүлүгү өз укуктарын коргоп, медициналык тейлөө, кошумча билим берүү, насыяларды алуу, туруктуу жумуш орундары, баланы бала бакчага берүү, таза суу менен камсыз болуу жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн билишпейт. Социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карбай алар үй-бүлөнү багып келатышат”,- деди ал.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан