Бишкекте 10 миңден ашуун абонент бүгүн газга кошулат. Бул тууралуу 10-октябрда Бишкек газ чарбачылыгы башкармалыгынын башкы инженери Бактыбек Байтиков билдирди. Эскерте кетсек, 7-октябрда газ сызылып чыккандыгына байланыштуу, Лермонтов жана Муса Жалил, Аламүдүн 1, Чыгыш - 5, Чүй проспектисинин, Садовое айылынын жана ГЭС-3 аймагынын тургундары көгүлтүр отунсуз калышкан эле.