"Ата Журт" фракциясынын позициясы - "Кумтөрдөгү" пайданын эмес, алтындын 70 пайызын алуу, болбосо келишимди денонсациялоо". Муну парламенттин 10-октябрдагы жыйынында депутат Жылдыз Жодошова айтты. Ал фракциялашы Марат Султановдун 9-октябрда айткан сөзүн сынга алды. "Султанов айтып жатат, "Ата Журт" парламентте эч нерсе кыла албайт деп. Андай эмес, биздин фракциянын депутаты Садыр Жапаров "Кумтөр" маселесин ушул деңгээлге көтөрүп чыкты. Бул маселенин айынан Жапаров менен кошо Ташиев, Мамытов да абакка отуруп чыкты жана мандаттарынан айрылышты",- деди Жолдошова.
Айта кетсек, көпчүлүк депутаттар пайданы тең бөлүүгө макул болууда "Центерра" чыгымдарды жасалма жол менен көбөйтүүгө өтө турганын, андыктан "Кумтөрдөн" өндүрүлгөн алтынды тең бөлүү сунушун билдиришти. Буга өкмөт макул эмес. Экономика министри Темир Сариев металлды бөлүү практикасы учурда бир да өлкөдө жок экенин айтууда.