Ишкерлер менен жолугушуу каралган. Садыр Жапаров эртең иш сапары менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.

"Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде жана иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө эки жана көп тараптуу өз ара кызматташуунун оң динамикасы бар. Биз Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз", - деп белгиледи Дастан Дүйшекеев.

Алдыдагы иш сапардын алкагында, мамлекет башчысы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулайт.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, парламенттин мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Мындан сырткары сапардын жүрүшүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан