SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова конокто болду. Ал үй-бүлө, саясат, бала кези жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
Анда ага "Вице-премьер-министр болуп турганда ишти жыйыштырып, парламенттик шайлоого аттанып кеткенсиз. Бул кадамга эмне үчүн бардыңыз? деген суроо берилди.
"Вице-премьер-министрликке барайын деген максатым жок болчу. Менде тандоого дагы убакыт болгон жок. Сунуш түштү, макул болуп иштеп бердим. Август айында илдеттин статистикасы төмөндөгөндө гана өзүмдүн жасаган демилгелеримди ишке ашырайын деп депутаттыкка аттангам.
Мен депутат болгондо көп демилгелерди алып чыккам. Мен шайлоочуларымдын талаптары менен көп маселелерди алып чыккам. Бирок ошонун баары ишке ашырылбай калып жатты", - деп жооп берди Исмаилова.