Депутаттар "Кумтөр" боюнча үлүшүбүз 50 пайыздан ашпаса, "Центерра" төлөй турган салыкты көтөрүү керек" дешүүдө
Парламенттин 10-октябрдагы жыйынында "Кумтөр" маселесин кароо уланууда. Депутат Өмүрбек Абдрахманов "Кумтөрдү" улутташтыруудан кыргыз тарап пайда таппай турганын айтты. "Өкмөткө сунушум - эгер "Центерра" кыргыз тараптын үлүшүн 50 пайыздан ашырууга макул болбосо, анда төлөй турган салыгын өстүрүү жолун карап чыгалы",- деди. Ал эми депутат Курмантай Абдиев өкмөт сунуштаган долбоорду колдобоого депутаттарды чакырды. "Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайыз кылмайынча меморандумду колдобошубуз керек",- дейт Абдиев.