"Бассейнге барып турам". Садыр Жапаров бош убактысын кантип өткөрөрүн айтты


Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта иш сапары менен коңшу Казакстанга барат. Өлкө башчы иш сапардын алдында эл аралык "Казинформ" маалымат агенттигине маек курду.

Анда "Убактыңыз тар экенин билебиз, бирок ошого карабастан, Кыргыз өлкөсүнүн президенти бош убактысын кантип өткөрөт?" деген суроо берилди.

"Туура, учурда менин бош убактым жок. Маалымат катчыма, кеңешчиме айтып жатам, алар мени аяшпайт, бош калтырышпайт. Бирок мүмкүнчүлүгүмө жараша бассейнге барып турам. Жайында футбол, теннис ойнойм. Бош убактым чындыгында эле аз", - деген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан