Премьер-министр Улукбек Марипов Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз өкмөтү инвесторлорду коргоого жана иштөө үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Тараптар бизнес, IT технологиялар, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Өз кезегинде Сигэки Маэда Кыргыз өлкөсү менен Япониянын ортосундагы кызматташуунун чоң потенциалы бар экендигин белгилеп, япон компаниялары Кыргыз өлкөсүндө программалоо жана IT технологияларын окутуу боюнча мектеп ачууга даяр экендигин кошумчалады.
Жыйынтыгында тараптар Кыргыз-Япон кызматташтыгын мындан ары активдештирүү жана кеңейтүү тууралуу макулдашты.