Орусиядагы кыргыз мигранттарынын 13 пайызы каттоосуз иштеп жатышат

Орусиядагы  кыргыз мигранттарынын 13 пайызы каттоосуз иштеп жатышат. Бул тууралуу бүгүн «КР миграция саясатынын концепциясын иштеп чыгуу» боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгын талкуулаган тегерек столдо белгилүү болду. Эксперт Максат Мамыркановдун айтымында, мигранттардын көпчүлүгү документтерди жасашпайт. «Жаштардын көпчүлүгү барып документ жасайм деп ошол бойдон жасашкан эмес. Бирок катталып иштегендер 88,2 пайызды түзүүдө. Бул мигранттардын мыйзамды сактай баштаганын билдирет. 75,9 пайызы убактынча каттоого турса, 10 пайызы жарандыгын алгандар. 13,4 пайыз мигранттар эч кандай каттоосуз жашап, иштеп жатышат»,-деди ал. Сурамжылоо Кыргызстандын жана Орусиянын аймагында жүргүзүлүп, ага  860 киши катышкан. Мындан сырткары аэропортто, базарда, темир жол бекеттеринде жана Интернет аркылуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан