Жогорку Кеңеш: "Кумтөрдө" 1 тонна топурактан 4 грамм алтын алынары айтылды

"Кумтөрдө" казылып алынган 1 тонна топурактан 4 грамм алтын алынарына ишениш кыйын",- деди ЖКнын 10-октябрдагы жыйынында депутат Надира Нарматова. Депутат бул нерсени атайын иликтеп чыгыш керек деген пикирде. Эл өкүлү алтын кенинин корун да так аныктап алуу зарыл экенин белгиледи. "Биз бекер эле талашып-тартышып жаткан жокпузбу? "Кумтөр" кенинде, балким,  айтылып жаткан көлөмдөгү алтын калбай калгандыр. 1 тонна топурактан 4 грамм гана алтын алынарына ким кепилдик бере алат? 20-30 грамм чыгышы да мүмкүн",- дейт ал. Жыйын уланууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан