Турсунбай Бакир уулу: "Өкмөт башка жол таппаса, "Кумтөрдү" улутташтырыш керек"

"Кумтөрдө" иштеген канадалык кызматкерлердин орточо айлыгы 1 миллион 800 миң сом же 37 000 доллар. Муну ЖКнын 10-октябрдагы жыйынында депутат Абдыманап Кутушев айтты. Депутат ишканадагы кыргыздардын айлыгы 99 миң сом экенин баса белгиледи. Ал эми депутат Турсунбай Бакир уулу: "Кандай болгон күндө да "Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшү 50 пайыздан көп болушу керек. Эгер өкмөт азыркыдан башка жол таппаса, алтын кенин улутташтырууга барышыбыз керек. Мен даярмын",- деди. Айта кетсек, улутташтыруу маселесин буга чейин Садыр Жапаров көтөрүп келген. Жети-Өгүздө митингге чыккандар да учурунда ушул талапты коюшкан болчу. Бирок айрым депутаттар улутташтыруу ишке ашпай турган нерсе экенин айтышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан