Жети-Өгүз районунун жаңы дайындалган акими Дамир Моңолдоров учурда Саруу айылында жүрөт. Ал айыл тургундары менен жолугушууда. Жолугушууга 100дөй адам келди. Тургундар мурдагы талаптарын кайталашууда: Караколдогу митингге айыпталып кармалгандарды бошотуу, "Кумтөрдү" улутташтыруу.
Айта кетсек, Дамир Моңолдоров бүгүн, 10-октябрда өкмөт башчынын жарлыгы менен район акими болуп дайындалды. Буга чейин акимдин милдетин аткаруучу болуп Беккубат Иманкожоев иштеп келген.