«Биз үчүн кошуна мамлекеттеги туруктуулук жана ынтымак мааниге ээ»,- деди бүгүн Бишкекте Ооганстан боюнча өтүп жаткан эл аралык конференцияда ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа. «Баары Ооганстандагы абалды татаал деп айтышат. ЖККУ да бул өлкөдө болуп жаткан процесстерге олуттуу карап жатат. Биз Ооганстанда мүмкүн болуучу терс окуялардын баарына даярдык көрүүдөбүз. Изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аймактык коопсуздук үчүн Тажикстандын чек арасын бекемдөө боюнча да чечим кабыл алдык»,- деди ал. Бүгүнкү конференцияда 2014-жылы Ооганстандан коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийинки Борбор Азия мамлекеттерине тийгизүүчү коркунчутар боюнча талкуу болууда. Ага ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа, БУУнун атайын өкүлү Мирослав Енча баштаган эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик жана жергиликтүү эксперттер катышып жатат.