Кыргызстанда 17,5 пайыз аялдар айыл чарба өндүрүшүн жетектешет

Кыргызстандагы айыл чарба өндүрүшүн башкаргандардын 17,5 пайызы аялдар. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, өндүрүш жетекчилерин башкарган аялардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда 27,1 пайызды көрсөткөн. Андан кийин Ысык-Көлдө 19,2 пайыз, Нарында 18,5 пайыз, Ош облусунда 17,8 пайыз, Жалал-Абад жана Талас облусунда чарбаны жетектеген айымдар 15,4 жана 15,3 пайыз экени белгилүү болгон. Баткен облусунда чарба ишканаларын 2641 аял киши башкарып, алар 7,6 пайызды түзүшкөн. Бишкекте 29,4 пайыз, Ош шаарында 25,9 пайыз аялдар башкарган ишканалар иштейт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан