Талас шаарынын борбордук стадионунда өтө турган митинг концерттик программа менен башталды

Талас шаарынын борбордук стадионунда өтө турган митинг концерттик программа менен башталды. Учурда 200дөй адам бар, эстрада ырчылары ырдоодо. Стадионго "Каршылык көрсөтүү кыймылы" деген чоң плакат илинди. Келгендердин арасында карылар да, жаштар да бар. Айта кетсек, бул митингди оппозиция өкүлү Өмүрбек Суваналиев жетектеп, анда чек ара, "Жер-Үй" алтын кени боюнча сөз боло турганы айтылууда. Буга чейин уюштуруучулар митингге 10 миңдей адам келерин айтышкан. Ал эми коомдук тартипти 100дөй милиция кызматкери көзөмөлгө алат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан