Бишкектеги КР Улуттук илимдер академиясында бүгүн, 10-октябрда Кыргызстандагы отун-энергетика жана ресурстарынын көйгөйлөрүн талкууга алган тегерек стол өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеңеш, Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү жана атайын эксперттер катышып жатат. Талкуунун максаты - заманбап шарттарда Кыргызстандагы отун-энергетика жана суу ресурстарды туура колдонууга багыттоо.