Бүгүн, 3-мартта Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү боюнча ишти карап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда иш каралып жатат.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку Сотко кайрылган. Анда Жогорку Сот биринчи, экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырса Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылат.
Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.