Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча Бишкек шаардык сот административдик соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган.
2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүп, 29-августта алар үй камагына бошотулган.