Талас: Митингде облус башчыны отставкага кетирүү талабы коюла турганы айтылууда
Талас шаарында башталган митингдин айрым катышуучуларынын маалыматына таянсак, митингде облус башчы Койсун Курманалиеваны отставкага кетирүү талабы айтылат. Чогулгандар колдоруна "Жер байлыгы сатылбасын" деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат. Концерттик программа уланууда. Уюштуруучулар азырынча сөз сүйлөшө элек. Стадионго 450дөй адам келди.