КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 11-октябрда «Дары-дармектердин эффективдүүлүгү жана коопсуздугу: көйгөйлөрү жана чечүү жолдору» аттуу теманын алкагында тегерек стол өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты. Катышуучулар Кыргызстандагы дары жасоо тармагынын азыркы абалын жана өнүгүү жолдорун, 2014-2020-ж.ж. Мамлекеттик дары-дармек саясатынын жаңы долбоорун талкуулашат. Иш-чара жарандык коомдун, дары жасаган ишканалар, саламаттыкты сактоо уюмдары, ЖК жана өкмөттүн Коргоо кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.