Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Сот БШКнын Текебаевге депутаттык мандатын ажыратуу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкан Бишкек шаардык административдик соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 2020-жылдын 23-ноябрында административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан