Асылбек Жээнбеков: "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү үчүн өкмөткө дагы убакыт берели"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган долбоор боюнча пикирин айтты. Анын айтымында, "Кумтөрдүн" азыркы абалга келишине бул өкмөт күнөөлүү эмес. "Кыргыз элинин кызыкчылыгына төп келе тургандай иш жүргүзгүлө деп өкмөткө тапшырма бергенбиз. Өкмөт меморандумду алып келди. Көпчүлүк депутаттардай эле мен дагы бул документти колдобойм. Өкмөт деле меморандумда кемчиликтер бар экенин моюнга алып, "Центерра" менен сүйлөшүүгө дагы убакыт бергиле деп жатат. Менин оюм - өкмөткө дагы убакыт беришибиз керек. Сүйлөшүп, мындан жакшы бир жыйынтыкка келишибиз зарыл",- деди төрага.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан