Бишкекте 500дөн ашуун коомдук тамактануучу жайлар текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы бөлүмүнүн жетекчиси Махамадхалил Мурзашев билдирди. Анын айтымында, көрсөтүлгөн талаптарга (тамак жасоо шарттары, суу менен камсыздоо) жооп бербеген 30 объект толугу менен жабылса, 400дөн ашууну убактылуу жабылган. “Текшерүү учурунда объекттердин санитардык нормаларга жооп бербегенине, жумушчулардын медициналык текшерүүдөн өтпөгөнүнө күбө болдук. Элиталык деп эсептелген кафелерде да эреже бузуулуларды аныктадык. Эң көп салган айып пул 2 миң сом болгондуктан, бул ишкерлер үчүн кыйынчылыкты жаратпайт. Ошондон улам алар жоопкерчиликти сезишпейт”,- деди ал. Бишкектеги массалык уулануулардан кийин башталган текшерүүлөр 24-сентябрдан 15-октябрга чейин жүргүзүлөт.