Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети КВНди өнүктүрүү үчүн быйыл 500 миң сом бөлдү. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев 10-октябрда жогорку жана орто окуу жайлар арасында өтүп жаткан КВН мелдешинде билдирди. “Бул иш-чаранын максаты - Ош шаарынын курама КВН командасын тандап алуу”,- дейт Жунусбаев.