"Ысык-Көл облусунда кадр маселесин чечүүдө элдин үнүн угуп, аким шайлаш керек",- деп билдирди депутат Максат Сабиров 10-октябрдагы ЖКнын жыйында. Депутат Жети-Өгүз районунда 4-5 айдан бери аким шайланбай, шайланса элге жакпаган адамдар кызматка коюлуп келгени элдин кыжырын кайнатып жаткандыгын белгиледи. "Бул маселелерди жөнгө салуу жергиликтүү бийликтин иши жана алар эл менен тыгыз иштеш керек. "Кумтөр" боюнча Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлиги эл менен кеӊешип, алардын талабын дагы эске алышы керек эле. Бул иштер жасалбаганынан эл нааразы болууда",- деди ал.
Сабиров "Кумтөр" маселеси боюнча биринчи кезекте экологиялык чыгымдарды аныктап, рекультивация иштерин жасоону бир тарапка жоопкерчилик тагып, андан кийин биргелешкен ишкананы түзүү зарыл деп билдирди.