Бишкекте организмде таштын пайда болуусуна карата эл аралык конференция өтөт

11-октябрь күнү  Бишкектеги "Park Hotel" мейманканасынын конференц-залында «Организмде заара чыгуучу түтүктөрдө таштын пайда болуусу жана зааранын түтүктөрүндөгү оору жаратуучу абалдары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Орусия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Индия өлкөлөрүнүн заара чыгуучу түтүктөрдү дарылоо жана алдын алуу жаатындагы адистери катышат. Анда заара чыгуучу түтүктөрдө таштын пайда болуусунун жана оору жаратуучу абалдардын өсүш көйгөйлөрүн, аталган патологиялардын мурунку жана азыркы өсүшүн, ошондой эле буларды төмөндөтүү боюнча дарылоо-алдын алуучу иш-чараларын иштеп чыгуу чаралары талкууланат.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан