Ош. Спорттун волейбол түрү боюнча дене тарбиячылар үчүн семинар өткөрүлүүдө

Ош технологиялык университетинде 10-октябрдан баштап дене тарбия кафедрасы Ош облустук жана шаардык волейбол федерациясы менен биргеликте “Волейбол оюну боюнча калыстык кылуу” деген темада эки күндүк окуу-семинар өтүүдө. Ага КРнын Волейбол федерациясынын вице-президенти А.Калыков, Волейбол федерациясы боюнча калыстардын төрагасы К.Камбаров жана Ош шаарындагы атайын жана жогорку окуу жайларынын дене тарбия кызматкерлери, спорт сүйүүчүлөрү катышууда. Семинардын максаты спорттун аталган түрү боюнча калыстык кылуунун жол-жобосу жана оюндун шарттары тууралуу жакындан маалымат берүү, спорттун бул түрүн андан ары өркүндөтүү болуп саналат. Эки күнгө созулган семинар 11-октябрда жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан