Ырчы, актриса Анжелика автокырсыкка кабылгандан кийин жашоосундагы айрым өзгөрүүлөр тууралуу маек курду. Анда ырчы кырсыкка чейинки сыноолорду оор деп ойлоп жүргөнүн, бирок ал эч нерсе эмес экенин айтат.
"Буга чейинки сыноолорду оор деп жүрүптүрмүн, бирок алар эч нерсе эмес. Демек, мен Кудайга догурунуп, эл эмнеге мени сынайт, эмнеге сөз кылат дептирмин. Көрсө, анын баары мындайча айтканда, болбогон нерсе экен. Адам сөздү көтөрүп, күчтөнүп, түздөнө алат экен. А эгерде сынып, төшөктө жатып калсаң ошол кыйын экен. Мындан дагы оор сыноолор бар, жакындарынын баарын бир күндө жоготуп алгандар, балдарынын жакшылыгын көрбөй калгандар бар. Эч кимге, душманыма дагы мындай сыноону каалабайм. Баарын ыраазы болуу менен кабыл алдым.
Азыр жаман сөздөрдү жазып койгондорго, майда-чүйдөлөргө такыр маани бербей калдым. Таң калуу деген жок. Бирөө мени сатып кетсе да, укмуш жамандап жатса дагы сабырдуу болуп калдым. Олуттуу маселелерди чечүүнү ойлонуп баштадым. Башка бир жашоого аттандым десем болот", - дейт ырчы.
Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция, 25-январда 5 жаштагы кызына операция жасалган.
Кийинчерээк, ырчынын улуу кызы Айымага да операция жасалары күтүлүп жатканы белгилүү болгон. Академик Сабырбек Жумабеков Анжелика балдак менен басып баштаганын, ал эми анын улуу кызы Айыманын моюн омурткасына операция жасалганын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.