Депутаттар "Кумтөр" боюнча токтом долбоорун кайрадан иштеп чыгууну чечишти

Жогорку Кеңеште депутаттар "Кумтөр" боюнча токтом долбоорун кайрадан иштеп чыгууну чечишти. Буга чейин түзүлгөн комитеттин токтом долбоорун колдошподу. Депутаттар өкмөттүн "Центерра" менен кайрадан сүйлөшүүсүнүн мөөнөтүн аныктоону, КРнын "Кумтөрдөгү" үлүшүн 67 пайызга чейин жеткирүүнү талап кылууну, өкмөттүн азыркы меморандумуна токтомдо баа берүүнү жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан сырткары "Кумтөр" боюнча мурдагы келишимдерди денонсациялоону талап кылууну токтом долбооруна кошуу керек дегенге токтолушту. Токтом долбоорун кайрадан иштеп чыгуу менен 5 фракция лидери жана Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы алектенип жатат.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан