"Өкмөт парламентсиз "Кумтөр" маселесин чече албайт" дейт Темир Сариев

"Кумтөр" маселеси каралып жаткан Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев буларды айтты: 

"Өкмөт парламентсиз, ал эми парламент өкмөтсүз "Кумтөр" маселесин чече албайт. Экөө бириксе жакшы болот. Биз депутаттардын бардык сунушун, анын ичинде өндүрүлгөн алтынды тең бөлүү сунушун да карап чыгууга даярбыз. "Кумтөр" маселесин туура чечишибиз экономикалык өсүшкө да себеп болот".

Айта кетсек, "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган долбоорду мурдагы отурумдардагыдай эле бүгүн да көпчүлүк депутаттар колдобой тургандыгын айтышты. Эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү "Кумтөрдөгү" кыргыз талаптын үлүшү 67дан кем болбошу керектигин билдиришти.

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан