Депутаттар "Кумтөр" маселесин кароону башка күнгө жылдырышты
Жогорку Кеңеште депутаттар "Кумтөр" маселесин кароону башка күнгө жылдырышты. Сунушту депутаттар Азамат Арапбаев менен Назарали Арипов киргизип, добуш берүүдө колдоо тапты. Маселе 23-24-октябрдагы парламент жыйынында каралмакчы. Ал эми депутаттар кийинки аптада шайлоочулар менен жолугушат. Айт майрамына карата 3 күн гана иш болгондуктан, бир апта шайлоочулар менен жолугушуу сунушу да добушка коюлуп, колдоо тапты.