ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги лабораториялар туура эмес диагноз коюп жатышат" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал борбор калаадагы лабораториялардын койгон диагноздору ар башка болуп жаткандыгын айтып, тиешелүү органдардан чара көрүп берүүнү суранды.
"2021-жылдын 11-январында Гастроэнтерологдун жолдомосу менен Бишкек шаарыбыздагы "Аква" лабораториясына (антитела токсакар, хеликобактери) жана башка анализдерин тапшыргам. Эртеси күнү анализдердин бардыгы - оң (положительный) болуп чыкты. Жыйынтыгына күмөн пайда болгондуктан жанындагы "Бонецский" деген лабораторияга анализ тапшырдым. Эртеси күнү анализ - терс (отрицательный) болуп чыкты. Бир эле анализ эки башка болуп чыккандыгы тууралуу "Аква" лабораториясы менен "Бонецский" лабораториясына кайрылып, кайра экинчи жолу анализ тапшырдым. Анализдердин жыйынтыгы дагы деле "Аква" лабораторияныкы - оң, Бонецскийдики - терс деген жыйынтык беришти. Бул маселе боюнча эки лабораторияга кайрылсам, экөө тең биздин лабораториянын анализдери туура деп жооп беришти. Эми кайсы лабораторияга ишениш керектигин билбей калдым. Бул жерде жогорудагы эки лабораториянын бирөө элди алдап жатат. Себеби анализ чыгарганды билишпейт же бизнеске айландырып алышкан. Бир анализдин орточо баасы 500-700 сом. Жогорудагы лабораториялардын айынан канча деген адамдарга туура эмес диагноздор коюлуп, туура эмес дарыланышууда.
Тиешелүү органдарга кайрылам, Бишкек шаарындагы бардык лабораторияларды текшерип, тиешелүү чараларды көрүп берүүңүздөрдү суранам", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulnura93
2021-03-08 15:01:11
Озу Кырзстанда анализ эле эмес врачтар деле бизнес кылат.
+3
Kadyrova_
2021-03-08 15:09:23
Балык башынан сасыйт демекчи Кыргызстандын башчылары (чиновниктерибиздин)ахыбалдары бул болсо кресло талашмай кайсыл жерден эмнени өөнөсөм деген проблемалар менен алек болсо башкаларына жол болсун.ал эми чондорубуз бул лабараторяларга корүнбөйтта булардын акчасы көп чет өлкөлөргө барып даарыланып келишет.бул жерге баягы эле карапайым шордуу элдер шорлоп жүрөбүз.
+3
Alia82
2021-03-08 15:16:10
Жакшы иш кылыпсыз бирок аны текшергендер таза адамдар деп ким кепилдик берет, акчасын алып акты кара, караны ак деп деле коёберишет...кайда барба мамайдын кору, кыргызстанда эчкимге ишене албайсынго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан