11-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

11-октябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:

Чүй облусунда күндүз +9...+14°C, түнкүсүн +1...+6°C

Талас облусунда күндүз +8...+13°C, түнкүсүн +0...+5°C

Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +12...+17°C, түнкүсүн +4...+9°C

Баткен облусунда күндүз +11...+16°C, түнкүсүн +3...+8°C

Ысык-Көл облусунда күндүз +10...+15°C, түнкүсүн +2...+7°C

Нарын облусунда күндүз +9...+14°C, түнкүсүн +0...+5°C

Бишкек шаарында күндүз +11...+13°C, түнкүсүн +2...+4°C

Борбордо түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан