Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Каракол шаарындагы баш аламандыкка айыпталган 11 адамды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Буга чейин аталган окуя боюнча 18 адам УКМКда кармалып келген. 2 айга камакка алынгандар:
П.Аскаров, Н.Калчаев, У.Чибутов, Н.Бектурганов, С.Турдубай уулу, М.Бейшенбаев, Н.Бөлтүрүков, С.Алатов, К.Усукожоев, К.Беккожоев, А. уулу Турсунбек. Булар "бийлик өкүлүн барымтага алуу", "адамды өлтүрүүнү айтып коркутуу", "бейбашчылык" жана башка беренелер боюнча айыпталышууда. Айта кетсек, башында 7-октябрдагы митинг боюнча айыпталып 23 адам кармалып, алардын бешөөсү кайра бошотулган эле.