Курман айт күнү “Ала-Тоо” аянтында айт намазы окулат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Мусулмандар башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-октябрь күнү саат 07:00дө аянтта майрамдык намаз окулат. Ага өлкөнүн муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев катышат.