Ноокат районундагы базарларда 8-9-октябрь күндөрү атайын рейд жүрдү. Рейд Ош облусундагы керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматы менен Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү. Максаты - балдардын ден соолугуна терс таасир тийгизген кытайлык оюнчуктардын сатылышына тыюу салуу. 2 күндүк текшерүүдө Кытайда өндүрүлгөн резина топ, кубик сыяктуу жалпы баасы 4850 сомдук 535 даана оюнчук түрү сатыктан алынды. Буга чейин Ош шаарында мындай оюнчуктар лабораториядан өткөрүлүп, жаш балдардын ден соолугуна коркунуч жаратары тастыкталган эле. Иш-чара облус боюнча улантыла турганын аталган облустук кызматтын өкүлү Жолчу Жээнбеков билдирди.
Эске салсак, мындай рейд буга чейин Кара-Суу районунда өткөн болчу.