Курман айт майрамына карата Ош шаарында 150гө жакын бодо мал курмандыкка чалынат. Алардын ичинде 1 төө жана бир нече өгүз бар. Бул тууралуу "Адеп башаты" коомдук фондунун жетекчиси Марс Ибраев бүгүн, 11-октябрда билдирди. Иш-чара "Элим, барсыңбы?" коомдук фонду жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен уюштурулат. Былтыр Курман айтта 90 бодо мал союлган эле. "Союлган малдардын эттери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, медреселерге, студенттерге жана башка колдоого муктаж адамдарга берилет",- дейт Марс Ибраев.